пара
- Кандайдыр бир мыйзамсыз жол менен өз кызыкчылыгын иш жүзүнө ашыруу үчүн кызмат адамына берилген акча же белек.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Индистан барса киши алдайт, / Пара берип эр жалдайт, / Каптап келсе Индистан, / Кумурскадай арбын журт, / Узакка кетет бул жумуш.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Түгөткүлө күндөрүн, / Эркек кыргыз жүрбөсүн, / Кайда кыргыз бар десе, / Малы-пулуң айаба, / Пара берип аларга, / Сатып алып кыргызды – / Кан ичме жинди бул журтту, / Тукум курт кылгыла.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Бир болсо парага шыкалып туруп анан берет.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
…з кылып каттатып, арадан жем түшүрүү, өчуккөнүн жасоолдорго, полицияларга сабатып, ыза көрсөтүү, жүрөгүн алуу, алсыздарды ыйлатуу, улуктарга, сотторго жагынуу, парага семирүү, өз кулкундарын тойгузуу...
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →