пай2
- Катышуучусу тарабынан жалпы иштин кызыкчылыгы үчүн төгүлүүчү үлүш.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Карсылдашып салышып, / Жарактарын кыйратып, / Куру кол болуп калышып, / Күркүрөгөн үн чыгып, / Киши коркор сүр чыгып, / Беттерине карасаң, / Эр Саламат, Кесилет, / Бир пайпактык түк чыгып, / Ач кыйкырык куу сүрөөн, / Ал экөөндө ким жүргөн?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Акылын адам тапкандай, / Ажыдаар менен жаткандай, / Адамзат эмес жырткычтын, / Арасына баткандай, / Азамат сыны бөлөкчө, / Ар кандай адам баккандай, / Адашып калар күн болсо, / Ар айланы тапкандай, / Сунса колду узартып, / Жумулса көздү ачкандай, / Бала айкөл мен тургай, / Те байыркы пайганбарга жаккындай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ат кара тил болгондо, / Бейжинден чалгын чаларбыз, / Бей пайлуу жоого барабыз, / Алдырсак да, алсак да, / Алты ай уруш саларбыз, / Аманыбыз жанарбыз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Пай-пай, бүтүн бир үйөзгө караган жан калган эмеспи, кандай.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Күчүктүн артынан пайчы коёт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →