пайда1
- Киреше, олжо.
- Жакшылыкты көздөгөн иш, кандайдыр бир кызыкчылыкты, таламды көздөгөн жакшылык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кылганына киришип, / Кыйгачынан тиктенип, / Кыйык сөз угуш не пайда.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ — Бейбашсың, моңгул, сен, — деди, / Бейбаштыгың ар качан, / Өзүңө пайда бербеди, / Коктукаттын шаарына, / Кошуунуң калбай жүр!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Мал оттосо жай алган, / Маралдын оту бөксөнүн, / Мал жалгаган чөптөрүн, / Пайдасын эч бир көрбөдүм, / Башымды кошкон Көкчөнүн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Ошентип менин шыбагам бүгүн үйдөгүлөрдүн пайдасына калды.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– деп үшкүрдү эле, кайдан-жайдан экени белгисиз ак сакал чал пайда боло калып:
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →