паана
- Калканч, баш калкалоочу жай.
- өт. Тирек, таяныч, колдоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Баркырап ыйлар балам жок, / Баш калкалар паанам жок, / Тагдыр жетсе дабам жок, / Чын шашкалаң күн болсо, / Жасатым жерден алар жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ички тамга киргенде, / Айчүрөк турду муну айтып: / — Көкүл менен саамайым, / Аргын менен ногойдон, / Арстан чыккан ошондон, / Асыл төрө паанайым.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Паана издеп келген казактын, / Ишенип жүргөн эрлерин, / Көк түздө сайып түшүрүп, / Көрүнөлү көзүнө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Ант кылышат кыргыздар, / Абдан кыйын иш болсо, / Алатоо урсун — деп айткан, / Алты ата, жети бабасы, / Ак калпак кыргыз алашка, / Алатоо болгон паанасы: / Алатоодон айрылбас, / Түптүү кыргыз журт ушу / Жүз ата болсо баласы, / Жүрөгүнүн канындай, / Алаш уулу болгонго, / Аркайып турган Ала-Тоо, / Чечекейдин карасы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Пейли бузук Калдуубет, / Ал кишинин этин жейт, / Айбан мүнөз чочкого, / Тынымканды кыйалбай, / Таласка бастык паана издеп, / Угуп жүргөн кеп үчүн, / Калдуубет качты дегенге, / Ишенбеди Абыке.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →