оңтой

китептерде 16 жолу, 6 китепте
  1. Ылайыктуу абал, ыңгайлуу учур, оңдуу кырдаал.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ойлобойт алар өлөрүн, / Көрсөтөт Асыл өнөрүн, / Буйагына кылт берип, / Тыйагына булт берип, / Оңтойуна келтирип, / Онун катар шилтеди, / Таштан жанбас Ачалбарс, / Такыр таарып өткөнү, / Башын кескен бири жок, / Курсакка тийген жери жок, / Как өпкөдөн кечиптир, / Бир шилтеген кылычта, / Ону өлүп кетиптир. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Эки чапсам уйат деп, / Дабытай карап турат, деп, / Оң жагына кылт этип, / Оңтойуна келтирип, / Жойкума менен он бешин, / Тобун бузбай жалмады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…с муштап өтөрдө, / Жаш Сейити чунагың, / Турган эмес бекерге, / Куткарбаска сайдырбай, / Сала берип олутун, / Которо берип конушун, / Күү менен өтө бергенде, / Оңтойуна келгенде, / Оң бөйрөккө болжолдоп, / Муштап өттү эр неме, / Бөйрөгүнөн кан кетип, / Магдыры качып шай кетип, / Чычкансурдун үстүнөн, / Томолонду далп этип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Оңтойуна келтирип, / Обу жок баатыр Гүлүстү, / Чокмор менен чака-чак, / Онду чаап жиберди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Хандын кызы эми өлгүдөй онтой баштады. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →