оңой

китептерде 79 жолу, 10 китепте
  1. Жеңил, жеңил-желпи, кыйын эмес.
  2. Бат, тез, ылдам.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жаңыдан чыга калганда, / Калдаңды айткан кыйын деп, / Зоңтарынын жанында, / Калдаң анча мыкты эмес, / Турумбек оңой эр эмес, / Оңойлук менен адамга, / Оморулчу бел эмес, / Кара кытай Зоңтары, / Оңой-олтоң жоо эмес, / Томолонор тоо эмес. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Одураңдайт үйүндө, / Оңой эмес жоо саймак, / Жыгалбай Отор калганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Арбын салды урушту, / Арзан эмес жумуш бу, / Оңой эмес кыз балбан, / Алты күнү турушту. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Оорагы Манас уулумда, / Оңой эмес Сыргагым, / Жоошуп туруп түз айтат, / Акылы терең Серегим. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Оңой, олтоң кум эмес, / Оңойлук менен адамзат, / Өтүп кетер жол эмес. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →