оңо
- Жолго коюу, кемчиликтерди жоюу.
- Ирдентүү, эттендирүү; турмушун, саламаттыгын ж. б. дурус абалга келтирүү, түзөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Үзөнгүдөн бут тайып, / Ооп барып оңолду, / Ороңдогон чочкого, / Абдан шайтан толгону.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Айланып артка болгончо, / Аттарын сабап чойгунча, / Капташа түшкөн бирөөнү, / Как далыга муштады, / Сыргак сайган оңобу, / Эңкейсе өйдө болобу?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…Чаңдан чыгып Семетей, / Атырылтып удаанды, / Элөөсүз турган чочкону, / Далыдан нары бир сайды, / Үзөңгүдөн бут тайды, / Ээрден көчүк бултайды; / Жыгылбай чочко оңолду, / Кайратына карк толду, / Ошол үчүн бул каапыр, / Кутургур атка конгону.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Хан болдуң араң бир жылы, / Касиет конуп оңолдуң!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
– Силер эле алып баргыла, менин каныма силер забын болбойсуңар, турмушуңар оңолот.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →