оңдо

китептерде 147 жолу, 10 китепте
  1. Бир нерсенин бузук жерин түзөтүү, жөнгө салуу, эпке келтирүү. [Айтбаев] шамдагайлык, эпчилдик менен машинаны оңдоп жатты (Сасыкбаев).
  2. Бузулган же начарлаган ишти жөнгө салуу, жолго коюу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бойун оңдоп албастан, / Кууп калды дардактап, / Күүсү менен тулпардын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Дабытайдын найзасын, / Сайдырбай кагып жиберип, / Колундакы найзасын, / Оңдоп кармап имерип, / Кыйа тарта бергенде, / Кыйрына кирип келгенде, / Кый сүйбөөгө бир сайды, / Кызыталак Дабытай, / Ээрден көчүк бултайып, / Үзөңгүдөн бут тайды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Чарыйар сага жар болсун, / Жазымыш жолуң оңдолсун, / Көрө албаган душмандын, / Көзү агып көр болсун! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бай Кутубай, Торсолдой, / Сетертай менен Каргалдай, / Оболбек – булар бир катар, / Башын өөдө көтөрүп, / Керменбай эми муну айтар: / — Атадан калган алтын так, / Асыл Сейтек, ээ болдуң, / Ата конуш Таласка, / Он күнчө болду конгонуң, / Кечиктирбей элиңдин, / Бардык ишин оңдогун. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Качырып барып жетти эле, / Найзанын учу жетерде, / Капталга койуп кетерде, / Кыйын экен Суркойон, / Кыйа тартып жалт берип, / Коктудагы койондой, / Аркасынан кылт берип, / Уйалбастан Канчоро, / Өкүргөндөн бакырып, / Хан Кыйаздап чакырып, / Кыйазга жетип барды эле: / «Катыгүн, Кыйаз, болбоду, / Сары хан, элди оңдоду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →