оюн
- Кандайдыр бир көңүлдү өзүнө тартып кызыктыруучу нерселер,. ж.б. менен алагды болуучулук, көңүл ачуу; зоок, шоок.
- Белгилүү эрежелери, ыктары бар, бош убактарда спорттук мелдештерде, салтанаттуу учурларда ж. б. аткарылуучу спорттун түрлөрү, элдик тамашалар.
- Тамаша, чын эмес, тамашалагандык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Анын оюна эми түшүндүм.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Мал жаныбыздын көбү Текестин оюнда Музарттын суусунда калды.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Менден бул сөз чыгат деп Шадыкандын мурун оюна да келбесе керек.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Ошону жесең оюңча тойбойсуңбу?
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Андан ары бал саткан жерге келип, оюндагысын алып, керек дегенин колуна кармады.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →