оюм
- Оюм-чийим.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Кетип баратып: «Көңүлдөрү куш болуп турган учуруна кезикпей калдым го» деп оюма кетти.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Жолдо баратып, Бурмакенин өлө элегинде «атаганат, эч болбосо Көлгө жетип өлсөк арманыбыз болбос эле» дегени оюма түштү.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бул жерде кыргыз бар деп менин оюма да келген эмес.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Алардын түсүнө карап мен көздөгөн оюмду жеткирип айтып жатканымды байкадым.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Ал эми менин оюм мындай: бул шаардан сиздин кызыңызга окшогон үч кыз таап, анан төрт кыздын үстүнө чүмбөт жаап, төртөөн төрт арабага отургузуп коюңуз.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →