очок

китептерде 14 жолу, 4 китепте
  1. Казан асууга ылайыктап жерден оюлуп, же таш тизип жасалган кемеге, же кирпич коюп жасалган от жагуучу жай.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кебез тоонун боорунда, / Килботодон алдырсак, / Темир эрип чыгуучу, / Очокту андан салдырсак, / Урум чыкчу Таш кенди, / Алатоодон алдырсак, / Кырым чыкчу кен ташты, / Керметоодон каздырсак, / Ошонун баарын чогултуп, / Көөнө токой Самаркан, / Ошол жерге жам кылсак. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Там бойлотуп жаткырган, / Кээ бирөөнү карасаң, / Төрт айактап бастырган, / Күйгүзгөн топо очокко, / Алтындан казан астырган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Эшиктин алдында, очоктун жанында бир колтуктай бактын куураганы жатат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бала салам айтып, Таан падышанын очогунун боюна отурат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
Анын кейпин көрүп, сөзүн уккан кыздар коркконунан очоктун жанына отура калышат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →