отур

китептерде 459 жолу, 10 китепте
  1. Жерге, белгилүү бир орунга, орунтукка, ээрге ж. б. көчүк койгон абалда орун алуу, жайгашуу.
  2. Жардамчы этиш катарында кыймыл-аракеттин созулушун, үзгүлтүксүз болуп турганын көрсөтүү үчүн колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Перилерден кеп угуп, / Ичи ачынып от күйүп, / Эки жагын каранып, / Нурфанунун отурган, / Ордун көрүп Бекбача, / Жана кетти эс танып, / Кой эти бышым болгондо, / Ордунан турду эс алып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Желбегей чапан жабынып, / Эки жеңи салынып, / Эр Манастын үйүнө, / Басып кирди далыйып, / Кыраандын баары ошондо, / Кырка отурган кырк чоро, / Эшиктен бийи киргенде, / Бары турду дүрбөшүп, / Улуктугун урматтап, / Төрдөн орун көрсөтүп, / Төрөлөр жакка өткөзүп, / Аш-тамагын татканда, / Даст… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Аркар карап, мал карап, / Бир дөбөдө отурсам, / Дүркүрөп чыкты бир топ жан, / Арбын мал бар айдаган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Жүрүп отуруп, көптөн кийин бир тумшуктан айланып келип, кайра жолго түштүк. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Ырас келбедиңерби, отургула. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →