отун
- Жагуу үчүн колдонулуучу жыгач, таш көмүр, тезек, көң ж.б. нерселер.
- тех. Күйүүчү заттар.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кубатай барса элине, / Чатырларын бүктөшүп, / Жаккан отун өчүрүп, / Жаткан аскер дүрбөшүп, / Биз ашучу бел кайсы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Жамгырда эгин айдаса, / Жел согуп үшүк албаса, / Бышпай чийки калбаса, / Өлчөм деген болбосо, / Таар-таарлап дан алса, / Суудан кемип калбаса, / Чирип жатат жыгачтар, / Отун издеп бир жерге, / Убара болуп барбаса, / Талыгабы кыргыздар, / Ушундай жерге карчашса?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жалгыз бала барбаган, / Отун-жыгач алалы, / Айылдан барган канча жан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Отун таарычумун.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Мен уруксат бермейинче, ушул шаардын отун түн ичинде чыгарбаңыз.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →