отто

китептерде 49 жолу, 9 китепте
  1. Тиштеп чөп жеп азыктануу (мал жөнүндө).
  2. Чокуп, терип жеп тамактануу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Саламат, жүргүнүң, / Испанды кууп жетели, / Кыргызга тийбей жүрүшкө, / Ачакандын тилинен, / Тилкат алып кетели, / Коржоңдосо тил албай, / Кулжуңдаша кетели, / Оттогон койон ээктенип, / Мулжуңдаша кетели, / Батышпаган уруудай, / Жулжуңдаша кетели. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ “Ат оттосо жай алган, / Аркардын оту бөксөнүн, / Ат чалдырып чөптөрү, / Аркасын эч бир көрбөдүм, / Айдаркан уулу Көкчөнүн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Оозуңа кирсе оттобой, / Мени карап ач көзүң! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…етпей энеңдин, / Ушул үйгө келгенден, / Күмүшбулак, Түзкерүү, / Бүткүл аркар жергеси, / Күн чалбас Күмүшбулакта, / Карды салык кара аркар, / Жалгыз жүрөт кумда оттоп, / Ага барбайт башка аркар, / Кол башындай сандыкка, / Салып койуп сактаткан, / Жети чымчык жаным бар, / Минип жүргөн Тоотору, / Ишенимдүү малым бар, / Тору ат… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Бөлтөк жүн келген кер байтал, / Оттоп жүрүп талаадан, / Ээрчитип келген Тайбуурул, / Атасы тоонун тобурчак, / Энеси чөлдүн музбурчак / Канаттуу тулпар Буурул ат, / Ойдо тууп кумда өскөн, / Кулжа менен бирге өскөн, / Тоодо туруп ойдо өскөн, / Кулан менен бирге өскөн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →