отор

китептерде 295 жолу, 4 китепте
  1. Малдын (негизинен жылкынын) кышкы жайыты (күнөстүү, кар аз түшө турган жер).
  2. Кышкы жайыттагы жылкы баккан адамдар – жылкычылар (отор башы ошол жылкычылардын башчысы).
  3. эс. Алыс жак, алыскы өлкөлөр.
  4. эс. Колония.
  5. Бир короо кой-эчки, койдун өзүнчө бөлүнгөн тобу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Атты айдатып жиберип, / Башка ойунду салганы, / Сайышка өзүм чыгам деп, / Отор чыгып калганы, / Оторду көрүп Бекбача. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Баарысына Шоорук хан, / Бабырап кебин баштады, / Баштан-айак бүт айтты, / Бала жолборс арстанды, / Батай, Катай, Оторду, / Тобуке, Дөрбөн ошону. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Жалгыз кара башыңды, / Отор, Дөрбөн, Кыйардан, / Батай, Катай – булардан, / Андан кала бергенде, / Андайлардан неченден, / Кеп кутулбас чеченден, / Астынан киши өтпөгөн, / Азым деген кечи… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Тийишпеген кишиге, / Мен тийбейм Кененим, / Тийишип келсе Отордой, / Талпагын ташка керемин, / Жалганы жок жамаксыз, / Анык болсо чын кебиң, / Ээсиз калган муңгулдан, / Жыйнап келген аттарды, / Баарын, шибе, саа бердим, / Сай… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кыркы кыркты котчу алды / Кутургандан жүздү алды, / Бир жүз сексен эр келди, / Каптап кетер сел келди, / Кармашып күчү жетпестен, / Каракалпак элдери, / Калтырбай жылкы оторду, / Карап жүрүп бүт алды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →