отоо2

китептерде 5 жолу, 2 китепте отоо 1 →
  1. Дан эгиндерин, жашылчаларды ж. б. зыяндуу чөптөрдөн арылтуу жумушу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Айдар кара чачы бар, / Өңөргөн койдой кашы бар, / Жылкычынын отоосу, / Жолум үйдөй башы бар, / Эки бети болтогой, / Эки даңгыт тойгондай, / Мойну жоон букуйуп, / Далысы дүмдүк дукуйуп, / Төө кенедей кулагы, / Белгиси турат мулу… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
Апийим отоосу болуп калган кез. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Алар уй кайтарып калды, мен апийимдин отоосуна: шаардын башына чыгып кеттим. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Апийим отоосунда мен он чакты күн жүрүп калдым. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Калаанын аягында апийим бар экен, экинчи отоосу жүрүп жатыптыр. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →