ото

китептерде 7 жолу, 4 китепте
  1. Эгиндин, жашылчалардын ж.б. арасындагы отоо чөптөрдү чаап же жулуп, тазалап салуу.
  2. өт. Жок кылуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Сатайдан коркуп кеби жок, / Сыр алдырбай Сатайга, / Жүргөн каңгай шеги жок, / Отой улук болуптур, / Айанып калар жери жок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Сатай ханды баш кылып, / Калгандын көзүн жаш кылып, / Кары-жашы дебестен, / Кылчайып карап койгонду, / Калтырбай баарын отоду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Жалгызектин бүркүтү, / Адырга аркар ототтпойм, / Кадууга жейрен топтотпой, / Коктуга түлкү жойлотпой, / Тектирге теке жайылтпай, / Кайыптын күнүн түгөтүп, / Карып кылып салыптыр, / Канча чыкса карышкыр, / Калтырбай баарын жарыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
Баарын отоп болуп эми төшөк орунчубузду сатабызбы? Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Эгинин отоп жүрсө, жакын эле жерден ышкырган дабыш чыгат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →