осол
- Орой, одоно, чеки, уят, шылдың.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Оңду таштап оолугуп, / Алакең кирди сол колго, / Абал кудай кез кылган, / Алтымыш жигит осолго, / Көңүлү кетип бириндеп, / Көлдөттү ойун ошондо: / “Жалгыз агым жараткан,
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…ртып алар деп, / Бейпайга башым салар деп, / Беймаал кылып башымды, / Баштагындан беш бетер, / Төгөбү деп жашымы, / Ойуңузда болбосун, / Өзүм берип зору жок, / Осол кылып койбосмун.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сылык Чүрөк деп жүрсөм, / Осол Чүрөк белемсиң?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Ордого шашып мен келдим, / Осол көрбө деп айтат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Аккойондун үстүнө, / Ага кошуп малымды ал, / Ок тиштешип антташкан, / Осол Толтой антыңды ал!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →