орун

китептерде 92 жолу, 10 китепте
  1. Бир нерсени коё турган, отура турган ж. б. жай.
  2. өт. Кызмат, ээлеп турган кызматы, кызмат абалы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Желпилдеп кызыл туу менен, / Жез барабан чуу менен, / Коргондон чыгып аттанып, / Камчы булгап Бекбача, / Татыбек бар жанында, / Орунбайды чакырды, / Ага жана тапшырды: / — Ордодо калдың Орунбай, / Багып тургун Таласты, / Элдин көөнүн орутпай, / Жок жерден салык таппагын, Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…/ Биз дагы кыргыз элибиз, / Жетисууда жети улук, / Падышалык өкүм бар, / Баары келип чогулуп, / Падышабыз Темирбек, / Таластан келген мында, — деп, / Падышалык орунга, / Жетисуулук ээ эмес. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Деп күүлөнүп Калыбек, / Суумергенди узатты, / Бир сындырым нан бербей, / Бир пийала чай бербей, / Отураар орун - жай бербей. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Олтурарга орун жок, / Көчүк койор токум жок, / Керегеге сүйөнүп, / Туруп калды бир демге. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
— Мында орун жок экен. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →