орток

китептерде 7 жолу, 5 китепте
  1. Баарына тең, бирдей жалпыга тиешелүү.
  2. Шерик, жолдош, дос.
  3. Үлүш.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Саламат өзүң турасың, / Жалгыз сен кандай кыласың, / Акылыңды билдиргин, / Биригип кеңеш кылалы, / Ашыгын алып азайтып, / Кыскасын улап узартып, / Орток кеңеш кылалы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Көкөтөйдүн ашында, / Көп жыйындын кашында, / Кылжейренди сурабай, / Кызыкка орток курдаштай, / Алып кетип мингенде, / Ишенем эрге, дегенде, / Алда кандай адам, деп, / Акылда ойлоп калды эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ортоктун көчүп тоосунан, / Кара ногой бөлүнүп, / Энесайга келиптир, / Сары ногой самсаалап, / Урумга көчүп кириптир. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Ортокмун — деп — олжого, / Чатак кылба сен анда! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Бул сөздү кимге көздөп жибергени белгисиз, айтор жетимдердин баарына орток айтылгандай болуп туюлду. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →