орто

китептерде 558 жолу, 10 китепте
  1. Эки четинен алганда борборго жакын турган тең аралык, орун, борбор чени, эки нерсенин арасы.
  2. Мезгилдин башталышы менен аякталышынын ортолугундагы убакыт.
  3. Ар кандай белгилери, өзгөчөлүгү ж. б. жагынан абдан жогору да эмес, абдан төмөн да эмес, чоң да эмес, кичине да эмес, жакшы да эмес, жаман да эмес.
  4. сүйл. Бардыгына таандык, жалпы; көпчүлүктүкү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Эми эки жыл өткөндө, / Бекбача чыгат тийактан, / Жанай чыгат быйактан, / Ортого алат моңгулду, / Ойлобойсуң бурутту. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…тай, / Коросонго жөн барбай, / “Алгандын иши алган, деп, / Душмандын качан бир кылым” / Шаңкай деген кыргыздын, / Бир уруусу эл эле, / Жетисуу менен Коросон, / Ортосунда турчу эле, / Утур келип ал жерге, / Шаңкай кыргыз элдерге, / Кененимге айткын, деп, / Азабыңды тарткын, деп, / Адамына тийбеди, / Басып жүргөн тирүү мал, / Сан… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Ала албайт деп ойлодум, / Ортого арбын мал койдум. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Байкап турса Карадөө, / Башын салып аскада, / Ортодо чыкты бир адам, / Тигилип тиктеп караган, / Акылынан жаңылган, / Тиштери аппак жаркыган, / Айдай беттен нур тамган, / Бар сайманы алтындан, / Күн чагылып жаркыган, / Тик багып адам көрө албайт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
"Сен туурдук менен чийдин ортосуна жат, сырттан бирөө келе жатса мага айт", – деп туурдук менен чийдин ортосуна таңып коет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →