ором
- Кандайдыр бир нерсени ороого, орой чалууга жете турган жип-шуу, чүпүрөк ж.б. Талаадан табылса, бир ором жип да олжо (макал).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ектей, / Капчыгайдай жайкалып, / Эшиктен кирип үшкүрүп, / Жөлөнүп жүккө чалкайып, / Орто жашта жубандар, / Карагайдай бой жасап, / Басып турса залкайып, / Кырк оромдон элечек, / Туура тарткы күмүштөн, / Накыштары келишкен, / Башында турат заңкайып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Суудай чалкып май агып, / Касиеттүү нечен бай, / Чаначтай болуп чардайып, / Он эки ором элечек, / Оң чекеде кыйшайып, / Олтурат кемпир чалкайып, / Башында кундуз тебетей, / Кыздар басып суйкайып, / Жоодурап көздөн шам жарып, / Келиндер турат суйсалып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Деп ойлонуп алыптыр, / Жанымдагы экөөнөн, / Жана сурай калыптыр: / — Асман – жерде торумду, / Майданда казган оромуду, / Айтыңарбы аларды, / Барып келген эки кул, / Айтпадык дейли биз, дешип, / Астыртан түрө тиктешип, / Эриндерин тиштешип, / Бирин-бири шүк дешип: / — Эмне кылы…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →