орол1
- Оңтой, ыңтай, оңтойлуу учур.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Мурун сенин белиңе, / Оролгон экен сур жылан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кулжасы жатса төрүндө, / Куланы жатса чөлүндө, / Өрдөгү жатса көлүндө, / Оролуп айбан баспаса.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Ат ойнотуп Кесилет, / Арасында он миң бар, / Кумурскадай быжырап, / Кара курттай кыжырап, / Каптап кетти коросон, / Эчтекени элебей, / Эрениң бара жатканда, / Оролуп түштү отуз тор, / Капташып калды мынча тор.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Буйдалбай пил жеткени, / Булгалап мурдун шилтеди, / Жазгыра берип чаптырбай, / Жандай түшүп эр Сыргак, / Чокуга койуп өттү эми, / Пил толгонуп болгунча, / Оролто тумшук сунгуча, / Онду койуп жиберди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Эткендери эм болуп, / Айыкканда эр Гүлүс, / Сейиттекке бел болуп, / Тайынсыз болуп жоголду, / Кыйаз менен Канчоро, / Кара жерге тең болуп, / Сейтек келип Таласка, / Алашка калды ээ болуп, / Он төрт жылда Семетей, / Ата журту Таласка, / Кайта келди оролуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →