орок
- Дан эгиндерин, чөп, куурай оруу үчүн темирден жарым ай сыяктанып, иймегирээк жасалган сабы бар эмгек куралы.
- Эгинди оруу-жыюу процесси.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жекеде өлүп орок кыр, / Колу сынып Коңурбай, / Кыргыздар кууп көгөрүп, / Нескара менен Мурадил - / Экөө катар тең өлүп, / Кошулуп Уушаң дагы өлүп, / Коңурбайдан башкасы, / Катардагы хан өлүп, / Таанылган элге жан өлүп, / Калгандыгын укканбыз, / Мына минтип түгөнүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…лип ал жерге, / Шаңкай кыргыз элдерге, / Кененимге айткын, деп, / Азабыңды тарткын, деп, / Адамына тийбеди, / Басып жүргөн тирүү мал, / Сандыктагы алтын зар, / Орого куйган эгин бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…, - / Куу Коңурбай Калчаны, / Качырбай алган Гүлчоро; / Жалгыз көздү Мадыкан, / Жанын алган Гүлчоро; / Нескаранын Жубатай, / Мурадилдин Каратай, / Пилге минген Ороккыр, / Баарын алган Гүлчоро, / Кара сакал балбанды, / Каңгайга калба салганды – / Толтойду алган Гүлчоро, / Сыйкырга жанын катырган, / Кыйазды алган Гүлчоро, / Бүг…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кабылан Кошой баласы, / Жалгызек сындуу балбаны, / Ороккырды өлтүргүн, / Байтайлакты карачы!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Эгин орогу болуп калган.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →