ордо2
- Айланта сызылган сызыктын борборуна үч чүкөдөн бир оюн кылып чүкө салып, эки жаат болуп абалак же томпой менен атып, чертип ойноочу улуттук оюн. [Журтбек] тогуз коргоол, упай, ордо, көкбөрү өңдүү оюнга... шыктуу жигит (Бейшеналиев).
- Уютку, уюк, борбор, көп болуп топтолушкан жер, көп болуп топтолушкан, кыжы-кыйма болгон топ.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ордоңду бузуп талкалап, / Гүлгаакыны олжо алып, / Чынгыш кулду кошо алып, / Кеткен киши Кененим, / Кененимдин баласы, / Бекбача иним сен билгин!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
деп, / Коросондун элдери, / Өз жанынын камын жеп, / Убайым тартып сарсана, / Упурак болуп турганда, / Бурулбастан Кененим, / Коросондун коргонго, / Падышалык ордого, / Тепчий сайды соотунан, / Дарбазанын ортого.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ “Ханга жагып кетти – деп, / Билди кеңеш кепти” – деп, / Аз сандуу ордо адамы, / Ичтери көөп тарсайды, / Көрүнөө алы келе албай, / Көргөзүп кастык кыла албай, / Эч жеринен ойлонуп, / Кенедей өөн таба албай, / Намысты таштап ыргытып, / Жалаа жабат уйалбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Алты күн өткөн кездерде, / Канчоро менен Чачыкени, / Алып келер мезгилде, / Ордо башы Сетертай, / Асталай басып жетти эле, / Азыркысын коргондо, / Иш башкарган Керменбай, / Айтып турат Сетертай: / — Эр Гүлүстөн, хан Сейтек, / Күмбөздөн мынд…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Ошондо баланы хандын ордосуна алып келип, ханга:
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →