ордо1

китептерде 303 жолу, 9 китепте ордо 2 →
  1. Кандын сөөлөт үйү, бийлик үй.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ордоңду бузуп талкалап, / Гүлгаакыны олжо алып, / Чынгыш кулду кошо алып, / Кеткен киши Кененим, / Кененимдин баласы, / Бекбача иним сен билгин! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
деп, / Коросондун элдери, / Өз жанынын камын жеп, / Убайым тартып сарсана, / Упурак болуп турганда, / Бурулбастан Кененим, / Коросондун коргонго, / Падышалык ордого, / Тепчий сайды соотунан, / Дарбазанын ортого. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ “Ханга жагып кетти – деп, / Билди кеңеш кепти” – деп, / Аз сандуу ордо адамы, / Ичтери көөп тарсайды, / Көрүнөө алы келе албай, / Көргөзүп кастык кыла албай, / Эч жеринен ойлонуп, / Кенедей өөн таба албай, / Намысты таштап ыргытып, / Жалаа жабат уйалбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Алты күн өткөн кездерде, / Канчоро менен Чачыкени, / Алып келер мезгилде, / Ордо башы Сетертай, / Асталай басып жетти эле, / Азыркысын коргондо, / Иш башкарган Керменбай, / Айтып турат Сетертай: / — Эр Гүлүстөн, хан Сейтек, / Күмбөздөн мынд… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Ошондо баланы хандын ордосуна алып келип, ханга: Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →