опсуз

китептерде 74 жолу, 8 китепте
  1. Обу жок, чектен ашкан, дайны жок, жөнү жок, ыгы жок.
  2. Аябай, өтө эле, эң эле, абдан, болжолсуз.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Отузга жашы жетелек, / Опсуз баатыр эр эле, / Өлүп кетти баатыр! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ордо баккан кырк жигит, / Опсуз баары тың жигит, / Бойу жагын карабайт, / Акыл-эстүү кыл жигит, / Алдынан тосо барышты, / Олтуручу жерине, / Асылдан килем салышты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ “Бактыбай, Сүйүн, Чолпонбай, / Маана болор элге, — деп, / Баш душманым кангайлык, / Калдагай кулак эле, — деп, / Куткарбайын аны” деп, / Аттын изин кубалап, / Артынан түштү Кененим, / Кең куланы камчылап, / Борбуйдан тери тамчылап, / Омбул-домбул түйүлтүп, / Ой-дөңү жок жүгүртүп, / Опсуз катуу жөнөдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…п бекемдеп, / Кездемдин боосун жубалтып, / Кезкерип найза чунайтып, / Нускоо болсо чоңунан, / Ат салууга чуратып, / Дайарланып турушту, / Оңой эмес билгенге, / Опсуз кыйын жумуш бу; / Сагынып калган жери жок, / Сай кашкалар урушту, / Балдарды көрүп кээ бирөө, / Тарамышы тырышты; / Чукул кирип келгенде, / Аламан койуп тиет, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Арабыз опсуз ыраак жол, / Он күндөн калбай келип бак, / Жүрө бербей салбырап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →