оо1

китептерде 404 жолу, 10 китепте оо 2 →
  1. Бир жагына кыйшаюу, бир жагына карата оордук абалда болуу. [Акбар] ооп түшүп калбагандай кылып куюшкандады да, торуну коё берди (Убукеев).
  2. Бир жактан экинчи жакка которулуу; жер которуу.
  3. өт. Өтүү, багыт алуу, бурулуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Үзөнгүдөн бут тайып, / Ооп барып оңолду, / Ороңдогон чочкого, / Абдан шайтан толгону. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
балкылдап, / Мас болгон буура сыйагы, / Тамандары тапылдап, / Кудай бетин салбасын, / Айтып бүткүс айбатын, / Чакчалекей будуң-чаң, / Аркада чаңы жөө туман, / Оогандын эли каптады, / Ошону көрүп Алмамбет, / Мына бу болду айтканы: / — Кыргыл баштап онуң кал, / Абакемди сактап ал, / Калган отуз ойулгур, / Уккун кебим, оңбогур, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Индистан, Ооган, Испандан, / Каш кайтараар калбаган, / Бир аз күмөн кыламын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
— Оо, бүгүн жакшы! Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бала кылычты туурасынан кармай берип, ал оп тартуунун күчүнөн тең бөлүнүп калат, өзү эси ооп жыгылат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →