оорук

китептерде 20 жолу, 6 китепте
  1. Калктын туруктуу жашаган негизги жери, туруктуу жашаган жай.
  2. Жортуулда жүргөн, согушка аттанган колдун негизги бөлүгү жайгашкан жай.
  3. Тыныгуу жайы.
  4. тар. Жалпы көч менен чогуу кете албай жакыныраак жайытка калып калган айыл.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жетимиш менен сексендин, / Арасында жашыңар, / Аркада элге ээ болуп, / Оорукта хандар, жатыңар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кайгуулчусу мен элем, / Ханыбыз калды оорукта, / Хандын аты Семетей, / Күн батыштын элдерин, / Бучкагына теңебей, / Артык туулган багы бар, / Адамзаттан ченебей, / Өлөмүн деп душмандан, / Ойлоп койбойт кенедей. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Оолугуп Көңтөй аттанды, / Көңтөй баатыр аттанып, / Оорукта мурун жаткан бу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Чойтолоң эли бөлүндү, / Оорукта калган элдердин, / Карааны аздай көрүндү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Ордо баккан эрлерди, / Оорукта жаткан элдерди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →