оор
- Салмагы чоң, салмактуу.
- Кыйын, өтө татаал.
- Калың, терең.
- Катуу, күч менен.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
— деп, / Өлүгүн ойго түшүрүп, / Лопнурга койсом белем, — деп, / Аманат койуп бул кумга, / Каңгайга барып келгинче, / Таанылбай калат Чакмакташ, / Элдин көөнү ооруур деп, / Өңөрүп алып жөнөдү, / Майтору кайдан жооруур», — деп, / Лопнурдун бойу Акшордо, / Турган экен Кетиркей, / Эли менен Дүркүрөп, / Эштектин эли бүт калбай,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
баштап онуң кал, / Абакемди сактап ал, / Калган отуз ойулгур, / Уккун кебим, оңбогур, / Азык-түлүк чатырды, / Асырап кал аныңды, / Ок-дары менен тон арткан, / Оорактагы баарыңды, / Ажырашса азыктан, / Кетирип койот шайымды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Көөн ооруңдун баарын айт, / Жик-жигинен айрып айт, / Болгон иштин дайнын айт, / Көр оозунда турасың, / Ушунчаңда кайра кайт!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Киши колдуу болуп өлгөнү, жок өз ажалынак ооруп өлгөнү маалым эмес: кийин Ыйманкулду өлдү деп уктум.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Балдарым, мен бир түш көрдүм, түшүмдө бир булбул үнүн мукам-мукам чыгарып укмуш сайрады, мен ошол булбулга ашык болуп, ашыктыктанн ооруп, минтип төшөктө жатамын, булбулду мага кимиң алып келип бересиңер?
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →