оона1
- Жейрендин эркеги.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эр Мажиктин Тоотору, / Оонабас тогуз болгону, / Тизгинден барып алыптыр, / Өзүнө келип калыптыр, / Кыргыл баштап баарысы, / Абаң Бакай карысы, / Атыңа тилмеч белең?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Эл жайлоодон кайтканда, / Айак оона айында, / Болорсуң менин жолумда.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Баш байгеси миң болгон, / Баары жылкы бар болгон, / Окшош жашы, өңү окшош, / Кай экени билинбейт, / Карап көрсөң баары окшош, / Оонабасы жүз болду, / Ат чапкан жер баатырдын, / Канчоро жалгыз бейиттин, / Куу какыры түз болду, / Той тартуусу коноктун, / Күндөн-күнгө күч болду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
«Ушу биз бир балааны тилеп жүрбөйлү» деген кишидей, адегенде тура койбой ыңгыранып, мен жакка бир оонап алды.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Ошентип бая эле айтпайсыңбы, мен карга оонап, тазаланып келейин!
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →