оома
- Бир жагына басымдуу болгон, кыйшайган, ооп, кыйшайып кете тургандай.
- өт. Сөзүнө турбаган, туругу жок, ээрчиме.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ “Оомал-төкмөл дүйнө” — деп, / Айтылып калган шол экен, / Оодарылып шум жалган, / Мына минтип турчу экен, / — Маңгыт мында калгыла, / Бараң-шаңкай баргыла, / Бадыкөлгө караштуу, / Бардык малды жыйгыла, / Тирүүсү эмес өлүүсү, / Тегеле кара санаба.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
айтыр: / “Дөөлөткө кыргыз толуптур, / Сыймыгы башка конуптур, / Алтымыш уруу алашка, / Аллам берип койуптур, / Ороздунун он уулун, / Ойунча калмак бөлгөнүн, / Оомал-төкмөл дүнүйө, / Эми качып жүргөнүн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →