оолук

китептерде 176 жолу, 8 китепте
  1. Жээлигүү, ээленүү, ээлигүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Козубектен кеп угуп, / Чалдын баары оолугуп, / Жеркендеки Малабек, / Мен барам деп куйугуп, / Азыкдагы Алабек, / Мен барам деп жулунуп, / Биринен-бири сураса, / Алабек менен Малабек, / Токсон беште тең э… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ойго түштү баатырың, / Оолугуп бала Чигитей, / Буулугуп ичин муң алып, / Айлана курчап жоо алып, / Асман тиреп заңкайган, / Үстүндө Алтай тоо алып, / Айагы жагы сыр койук, / Адамы жүргүс чөл… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Он беши жатты торойуп, / Он беши өлүп кеткенде, / Коросондон оолугуп, / Он беши чыкты жаа тартып, / Жебенин огу зыркырап, / Он беш ок тийди шака-шак. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Болгунча айтып бай Жакып, / Бакдөөлөт менен Магдымы, / Унчукпай туруп алганы, / Үйүндө жүрүп чоңойуп, / Койнунда жатып жастыкта, / Өзү менен тең болуп, / Эркин өскөн Бакдөөлөт, / Оолуга кетти томсоруп: / — Койчу, Жакып, кебиңди, / Бул кебиңди ит уксун, / Ит укпаса ким уксун. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ата – бала – эки атаң, / Катар өлгөн кыргыздан, / Каның суудай төгүлөт, / Эми оолуккан бойдон сен барсаң! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →