оодар

китептерде 144 жолу, 9 китепте
  1. Ордунан козгоп ала салдыруу, аңтара коңторуу.
  2. Ичин аңтаруу, аңтарып кароо, тинтүү.
  3. Бирөөнү ат үстүнөн алып түшүү, эңип түшүрүү.
  4. Ичин сыртына каратып аңтаруу.
  5. Ордунан козгоп аралаштыруу, ордун алмаштырып козгоо, астын-үстүн кылып козгоо.
  6. Бирөөгө шылтап салуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Зор Кошойдун тукуму, / Арзан киши ал эмес, / Оңойлук менен кишиге, / Оодарылар бел эмес, / Омурулар тоо эмес. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Оодармалуу шум дүйнө, / Оодарылган бир күндө, / Олжого келген Айчүрөк, / Толтойдун уулу Кыйазга, / Баш боолуу болуп бир күндө, / Баш байланган Гүлчоро, / Как далыдан тештирген, / Кечир сөөгүн кестирген. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Сөөктөрдү аралап, / Өпкө-жүрөк жаралап, / Аркы такыр колтуктан, / Учу чыкты мулт этип, / Алдында минген атынан, / Оодарылды шылк этип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Оодарылып шум дүйнө, / Ордуна турбайт бул дүйнө, / Колума бүгүн тийгениң, / Тирүүлөй этиң кескилеп, / Талатып итке ийейин, / Оозун жыйбай Каныкей,, / Кийиз кындан кыңырак, / Сууруп алды зыңгырап, / Кой, энеке, койгун, деп, / Кармай албай Гүлүстөн, / Айт, Канчоро, айткын, деп, / Шилиледи Керменбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Кой көрдүңөрбү дейт тура, – деп уурулар баланы кармап алып эсин оодара урушат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →