омур
- Омкоруу, түбү менен же түбүнөн томкоруу, оодаруу.
- Тоңгон же катыган нерсени (мис., майды) томуруу, омкоруп алуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Зор Кошойдун тукуму, / Арзан киши ал эмес, / Оңойлук менен кишиге, / Оодарылар бел эмес, / Омурулар тоо эмес.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Тайталаңга сайдырса, / Оңой олтоң эр эмес, / Оңойлук менен адамга, / Омурулар бел эмес.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Оңой олтоң эме эмес, / Оңойлук эмес адамга, / Омурулар тоо эмес, / Айтор, арзан жоо эмес.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Оңойлук менен адамга, / Омурулаар тоо эмес.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Башын сыйпап койгон жок, / Жалганда мындай балбан жок, / Коргошун менен колодон, / Эритип туруп куйдурган, / Чоң казандай Чойунбаш, / Опколжуп келип урганда, / Омурулуп кетүүчү, / Нечен сеңир урчук таш.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →