олут
- Орун.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Айтылып келген Айчүрөк, / Андан уккун кызык кеп, / Кызылкызды мурунку, / Олутуна келтирет.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
— деп, / Жердин бети жыртылып, / Тарпы чыгып алды, деп, / Кыйа тартып бурулуп, / Кырчак ташты бет алып, / Чылбырын кармай олтуруп, / Турнабайын оңдоду, / Олутун таап олтуруп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Эр Бакайдан кол алып, / Төрө Алмамбет баатырың, / Төр жагына жол алып, / Ортодон алды орунду, / Ойон эрди карачы, / Олутун таап олтурду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Олутун бастың титинбей, / Ордуна жаттың эчкирбей, / Кай жоругуң каапыр ит, / Айдай болгон Чүрөктү, / Кыйазга олжо беришиң?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Ак калпак кыргыз алашты, / Олутуна кондуруп, / Жыйырмага хандытолтуруп, / Дуулап турган кезинде, / Чубактын уулу Канчоро, / Канжуткордун бири ошо, / Жедигердин Кыйазды, / Тымызын ичтен колго алып, / Таласка келди жол салып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →