олпок

китептерде 171 жолу, 8 китепте
  1. Бешикке баланын астына салынуучу жумшак, мамыкка окшош төшөк.
  2. тар. Калың, кабат жүн салып тигилген, урушта кийилүүчү сырт кийим.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Колтуктарын чойушуп, / Айбалта менен койушуп, / Кылычты кындан суурушуп, / Жан кыйнашып урушуп, / Олпокторун булушуп, / Үзүп-жулкуп жыртышып, / Үзүлгөнүн ыргытып, / Бар сайманын иштетип, / Ээрдин кесе тиштешип, / Алаканга түкүрүп, / Кар жанга күч келип, / Кара бойдон … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…де таңданып, / Көрктөнүп калмак шаңданып, / Карап турат Кара көк, / Канчалык киши калмак деп, / Катын баасы арбак, деп, / Калмактан найза жеткенде, / Учу келип олпокко, / Тийе турган кездерде, / Кол балтаны имерип, / Кара нээт калмактын, / Найзасын кагып жиберип, / Күү менен келген Чойун алп, / Жандап өтө бергенде, / Кеңкула … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Акылына токтолду, / Абдылда чечен октолду: / — Ак олпок болсо кийгениң, / Аккула болсо мингениң, / Жайбаракат бастырып, / Жалгыз жолго киргениң / Жалпы алаш калкыңды, / Жалгыз бийлеп жүргөнүң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Антип абаң болбоду, / Буурулду минип болкойуп, / Сыр найза колдо койкойуп, / Чоң ополдой зоңкойуп, / Ак олпок тонун кийинип, / Ак келтесин асынып, / Ачалбарсын байланып, / Ай балтаны жанга алып, / Буттай темир курчанып: / “Коңурбайга теңелип, / Келгенин көрчү Кутургур, / Ат изин салып Таласка, / Кап, сени! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Каракан кызы Каныкей, / Катындан чыккан уз эле, / Камка тондун тышы эле, / Ак калпак элге эне эле, / Ак олпок тонго жең эле, / Түркүктөй элге бел эле, / Акылдын чыккан кени эле, / Сүт урган көркоо Канчоро, / Эмчегин эмген дээр эле, / Кадырын суттун кыларбы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →