олой

китептерде 27 жолу, 7 китепте
  1. Бир көзү сокур болуу.
  2. Олураюу, көзүн акшыйтып кароо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Угуп болуп Каратил, / (Көзү сокур жаман тил) / Олойо тиктеп Бетерди, / Оголе жаман кекенди: / — Бузук эмес Отор, — деп, / Бузук Бетер сенсиң, — деп, / Жаман эмес Отор, — деп, / Жаман Бетер сенсиң, — деп, / Сен жаныңды багып жай жатпай, / Жаштарга айтып канча кеп, / Таарынышты жаштар, деп, / Жүрөсүң эми темтеңдеп! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Бир колу бар, бири жок, / Атаңдын көрү дүйнө шок, / Бир буту бар, бири жок, / Опасы жок дүйнө бок, / Денеси калып башы жок, / Теңи калып, теңи жок, / Кулагы жок мулуйган, / Бузулуп мурду бучуйган, / Көзү чыгып олойгон, / Башы жок мойун коройгон, / Өлүп жаткан эрди көр, / Жуушаган койдой торойгон. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Барсак бербейт кыргыз, деп, / Бул үмүт алыс жылдыз, деп, / Катарлап башын кести, деп, / Кайран балдар кетти, деп, / Олойто чукуп көз алды, / Боорун жарып өт алды, / Ушинтип боздоп бул жерде, / Биз тартканча күйүт, деп, / Өч алалы кыргыздан, / Кырылышып жүрүп, деп, / Кырк жаңжүн жүргөн кез эле, / Кыжырлана күдүңдөп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…/ Кайгысы кара тоо болуп, / Кайгырып ичтен кан өтүп, / Калп эле ыкшып жөтөлүп, / Амалсыздан Тапан хан, / Эс-акылы жоголуп, / Чукуп алган немедей, / Көзү кайнап олойуп, / Ат байлоочу казыктай, / Мурду чыгып коройуп, / Калдайган кулак бүрүшүп, / Мышыктан бетер молойуп, / Узун колу кыскарып, / Калгандай сынып чолойуп, / Тактасы… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Он алты күн толгунча, / Ороодой көзү олойду, / Конжурга сөөгү коройду, / Кабыргасы саналды, / Күнгө катып төө тери, / Сөөгүнө барып кадалды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →