олжо

китептерде 330 жолу, 10 китепте
  1. Табылга.
  2. Жоодон алынган мал-мүлк.
  3. Аңчылыкта атып алынган же колго түшүрүлгөн аң жаныбарлары.
  4. Колго түшкөн душман тараптын эли же адамдары.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ордоңду бузуп талкалап, / Гүлгаакыны олжо алып, / Чынгыш кулду кошо алып, / Кеткен киши Кененим, / Кененимдин баласы, / Бекбача иним сен билгин! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Улугуңа бар, — деди, / Эмне көргөн-билгенин, / Жашырбай айта сал, — деди, / Каалабайым кан ичпейим, / Киймиң чеч, аттан түш, / Олжо алам дебейим, / Өчөшсө келсин кытайың, / Өткөрөйүн санаттан, / Карматамын дагы эле, / Кылып көнгөн адат ал. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Айлына түштү бай Жакып, / Айдап жылкы келе албай, / Улам оозун карманып: / — Олжо бергин, соога, — деп, / Кыргыз турса суранып, / Оорагым чыгат эле, — деп, / Чыгармак тургай оорагым, / “Чылбырына тийбе” – деп, / Мизимди менин жандырды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Гүлүстөндөй шер келди, / Артыла тууган атадан, / Сейтек сындуу эр келди, / Айдай Чүрөк уз келди / Өлжо башы Кутубай, / Аа кошулуп бир келди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кулагынан алды эле, / Үзөңгү боого бек басып, / Нескара менен Бакайдын, / Ортосуна алып барып: / “Мынаке, баатыр башы” — деп, / Олжону ата алгын, — деп, / Таштап кетип калды эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →