окшо
- Кебетелеш, турпатташ болуу, бирдей болуу.
- Сыяктануу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Мелтиреп карап турганда, / Кээ-кээсинде бенденин, / Тилеги жетпейт кудайга, / Капташып Отор кагышты, / Хан Чигитей салышты, / Беттешип Отор кагышты, / Бек Чигитей салышты, / Абалтан бери көп жумуш, / Канча күндөр урушкан, / Болуп өткөн көп жулуш, / Дегеле бирөө окшобойт, / Бүгүнкү кагыш бул уруш.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Карапайым кырк миң кол, / Короодоку койго окшош, / Кесилет менен Дабытай, / Качып келдиң Таластан, / Бөрүдөн качкан тайга окшоп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жылкы окшобос бир жагы, / Быкта бакай, тик туйак, / Кууш көөдөн, шал кулак, / Чуркаса куйрук шодоңдоп, / Көзгө суук кодоңдоп, / Чынаача турду булуйуп, / Туу түбүнө бурулуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сүйлөбөй баары токтолду, / Каргылданып Каныкей, / Айта турган окшонду: / — Сейитектин кебине, / Мен ыраазы түбүндө, / Мунабу турган Бакайга, / Манас билги талашпай, / Берип жүргөн күнүндө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Тетиги дубал сага окшогон жигиттердин башынан бүткөн, – деп дубалды көрсөтөт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →