окчун
- Алысыраак, оолак, мындайраак.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Карматмак болду баатыр шер, / Баштакыдай адатты, / Башын тартпай өлүмдөн, / Камчыга бөлөп тору атты, / Элден окчун алдында, / Бетирке өзү келатты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
илбеди, / Көптүгүн анын билбеди, / Ителги тийген таандай, / Найза менен чубуртуп, / Аралап кирсе кылычтап, / Мизинен канын куйултуп, / Калың жерин суйултуп, / Окчун турган элдерди, / Албарс менен кайсалап, / Алдына кирген ким болсо, / Найза менен талкалап, / Эл аралап жүргөндө, / Ойума келди бир неме: / “Мен барайын Таласк…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Эңишке кирди аңгыча, / Арам өлгөн Алгара, / Ошол кезде эр Манас, / Ай далынын бети деп, / Алтындуу кемер чети деп, / Найзаны муштап жиберди, / Жибергенге болобу, / Окчундай түшкөн Алгара, / Далыга тийбей Сырнайза, / Май куйрукка мылк этти, / Алгаранын сооруга, / Шырылдап кызыл кан кетти.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…ап салгансып, / Кирсин деген буйрукту, / Тапкандай өзү балбансып, / Өз ойунда дердейип, / Кербендерге жолукту: / — Жооп берди падыша, / Киргиле силер алдына, / Окчунураак тургула, / Чукул барбай жанына, / Каадасыз киши кептентип, / Калбагыла каарына, / Капташып калсаң өлөсүң, / Чыдабайсың заарына.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Айчүрөктүн ордосу, / Айылдын берки башында, / Окчун экен бир иши.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →