окуя

китептерде 24 жолу, 2 китепте
  1. Болуп өткөн кандайдыр бир учур, факт, кубулуш. [Ал] жүрөгүн толкуткан окуяларды жомоктотуп айткысы келди (Сасыкбаев).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Бул окуянын түбү мындай экен: Байболоттун эрден чыгып келген бир кызы бар болучу. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Эртеси бирөө барып түндө болгон окуяны Большевиктердин бир чоңуна жеткириптир. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Саламдашып баладан болгон окуяны толук укту. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
Балдар кыздардын койнундагы бугунун терисин көрүшүп, "апам бул кыздарды бизге жиберсе керек" деп кыздарга жакындашса, алар болгон окуяны толугу менен айтып беришет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
Жоомарт Адил ханга болгон окуяларды айтып берет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →