оку
- Билимди, илимди үйрөнүү, өздөштүрүү.
- Жазылган нерсени үн чыгарып же көз жүгүртүп билүү.
- Элдин алдында жазылган нерсени оозеки баяндоо, айтып берүү.
- Жаттап алган куран, дуба ж. б. кандайдыр бир максатта ачык же купуя айтуу, дем салуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алып келип кагазын, / Мадыбекке беришти, / Мадыбек алып кагазын, / Чигитейге окутуп, / Бастырмак болду жаш баатыр, / Баарысын сырттан коркутуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Алакеңдин жанына, / Ашыгып Серек келгени, / Эмгичекти элдерге, / Айтылып калды эрмеги: / — Баш кишибиз Алмамбет, / Мен айтамын саа бир кеп, / Молдоңо айтып көрүңчү, / Катыңды окуп кара, деп, / Чакырып алып молдосун, / Катчы болгон жолдошун: / — Байматтын санын оку, — деп, / Болбосун жаздым кокус, — деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сагынгандыр, Семетей, / Сен окуган куранды, / Кабылан Манас жан досум.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Катты окуучу молдосун, / Жанындагы жолдошун, / Ээрчитип чыгып ээнге, / Бекинип барып олтуруп, / Улам-улам окутуп, / Абдан катка канганда, / Канчоро кебин укканда, / Кат жаздырып молдого, / Кат алпарган жансызды, / Кайта салды тез жолго.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Орусча окуган бала экен.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →