октол1
- Окторулуу, атырылуу, алга катуу умтулуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кыргызды кырып болгондо, / Куржунга алтын толгондо, / Ооган менен Испанда, / Онтотом деп акырды, / Оозунан көбүк чачылып, / Октоло түшүп бакырды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Колтуктарын чойушуп, / Койгулашып киргенде, / Чокмордун баары быдырап, / Чабарга чокмор жок болуп, / Бирөө сынса, бирөө жок, / Мурункудан беш бетер, / Дагы эле кирет октолуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…йкап бозуптур, / Жалгызектин Бактыбай, / Топчу кулак тору атты, / Сыздырып баатыр келатты, / Сүйүн келет залкайып, / Ак жал сары ат заңкайып, / Чолпонбай келет октолуп, / Бет алган жагы өрт болуп, / Барбагын деп кыргызды, / Калтырып койду бек тосуп, / Кесилетке Саламат, / Кезигишти жолгошуп, / Жеткен жерде салышып, / Кез кери…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Акылына токтолду, / Абдылда чечен октолду: / — Ак олпок болсо кийгениң, / Аккула болсо мингениң, / Жайбаракат бастырып, / Жалгыз жолго киргениң / Жалпы алаш калкыңды, / Жалгыз бийлеп жүргөнүң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Алдында минген тосур ат, / Октос берип октолду, / Ойротто мындай жок болду, / Чокмор менен абаңды, / Чокудан нары салганда, / Майдандын ичи чок болду, / Жалынсыз күйгөн от болду, / Күндүн көзүн чаң алды, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →