октой
- Абдан тез, ылдам.
- Абдан түз, таамай.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Мезгил өтөт турбайбы, / Аткан октой бачым тез.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Аккан жашын куйултуп, / Саамай чачы чубалып, / Бузулуп өңү кубарып: / — Эр кишиге катындын, / Эби болот дечү эле, / Баласына энеси, / Эми болот дечү эле, / Атасынын каргышы, / Аткан октой деди эле, / Энесинин каргышы, / Чычкан боктой деди эле, / Өз колуң менен, Мадыбек, / Бере койчу сен эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кененимдин бул кеби, / Кыйын тийди капырга, / Сөөктөн өтүп жүрөккө, / Октой тийди жакырга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Очогор үнү угулса, / Октой жеткин ушунда, / Бөркүңдөй эле көрүп кал, / Сыргак окко учту анда.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Атамдан калган Көкбуудан, / Аткан октой кутурган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →