окто2

китептерде 36 жолу, 7 китепте
  1. Дүрмөттөө, ок салып атууга даяр кылуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Тана мылтык октоду, / Келе жаткан Бодоңдун, / Жолун тосуп торгоду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кандуу душман кыргызга, / Каңгайга башым катайын, / Кууп жетсе куткарбай, / Жер кучактап жатамын” / Деп ойлонуп кара жүз, / Кудай бетин нары кыл, / Очогорун октоду, / Милтесин кызыл чоктоду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Казатка барып окто өлбөй, / Же кан жөткүрүп үйдө өлбөй, / Душман эмес өзү өлсө, / Карапайым киши эмес, / Катардагы хан өлсө, / Ишибиз биздин оңбостур, / Кабыбыз кийин толбостур. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Куу мүйүз кулжа атам деп, / Ат өргүтүп жатам, деп, / Таш келтени октоду, / Милтесин кызыл чоктоду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кыргыз эли жабылып, / Мылтык октоп чыгышты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →