оймок

китептерде 18 жолу, 8 китепте
  1. Шакек сымалдуу, төгөрөк таман салынган жагы сөөмөйдүн ич жагына келтирилген, тигүүдө ийненин түбү колго өтпөс үчүн колдонулуучу буюм.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Сулуудан тандап кыз алгын, / Жез оймоктон уз алгын, / Канаттуудан куш алгын, / Аргымак тандап ат алгын, / Айры өркөчтөн төө алгын, / Лахасаны жана алгын, / Байламталуу сөз алгын, / Аз албагын көп алгын, / Кирсиз көөнүң агарсын, / Он күндүк бер каралды, / Тайарлайын кемитпей, / Колумдан келген амалды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Зулпукан үйгө барыптыр, / Өткүр ыкчыл келинден, / Сөөгү башка керилген, / Сумбаттуу сулуу кыздардан, / Акырын басып суйсалган, / Ырсактап күлбөй сумсайган, / Күмүш оймок уздардан, / Келин ага катындан, / Кем-керчи жок акылдан, / Далайын издеп таптырган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Темир хандын үйүндө, / Каныкей деген кызы бар, / Жез оймоктун узу бар, / Карахандын кызы, деп, / Калган элге угулаар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Тапан хандын элинде, / Өңү сүйкүм кыз болсо, / Жез оймок салган колуна, / Элден чыккан уз болсо, / Калтырбай алды баарысын, / Жашы менен карысын, / Зордук кандай экени, / Эми Сейитимден таанысын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Шаатемир кызы Чачыкей, / Жез оймоктун узу — дейт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →