оймо
- Чеберчилик менен бир нерсенин бетине оюп түшүрүлгөн көчөт, сүрөт, түр, оюу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Сабындагы жыгачты, / Он эки түркүм кырдады, / Отуз эки түр менен, / Оймо-чийме сырдады, / Колдон тайма болот, деп, / Коло менен чырмады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Олоңдору оймо алтын, / Жарашыктуу жасалган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Олоңдору оймо алтын, / Ойуштуруп токуган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Олоңдору оймо алтын, / Уйуштуруп токуган, / Куйушканы куйма алтын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →