ойдуң
- Айланасындагы жердин деңгээли менен салыштырганда төмөнүрөөк келген жер, мейкиндик, ой.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Булардын баары ойдуңда, / Каркыра түндүк сырт жакта, / Анча-мынча ат жетпейт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
Аты эчен тайылып, / Ойдуңга калса тушугуп, / Жыгылчудай сайылып, / Тоголотуп кетчүдөй, / Толкун уруп жабылып, / Арык уйдай солкулдап, / Үшүп барат кайыгып, / Ак жалданган көл болду, / Ада…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Шаардын чыгып четине, / Көк өзөндүн булакка, / Чатыр тигип ойдуңда, / Сулууну алып койнуна, / Берендер жаткан ушунда, / Жээрде аттын дүбүртү, / Угулуптур кулакка.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Суркойон менен койгулап, / Ойдуңду көздөй чумулду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Нойгут көчүп кыргыздан, / Ополдон тартып Индистан, / Ортосу ойдуң Лопнурда, / Ошол жерди жай кылды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →