озун
- Алдын ала мурун сүйлөө; бир нерсени иштөөдө бирөөдөн мурун иш кылуу, алдын алуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…н, / Тебетей кийип башына, / Сонун-сонун кундузун, / Саамайы тал-тал делбиреп, / Таамай тиктеп байкасаң, / Ак мейкин зоодой мелтиреп, / Бойго жеткен кыздары, / Озунган сууну келтирет, / Адашып калат эчендер, / Эсин таппай темтиреп, / Кыргый сөөк, кымчак бел, / Кырмызы көйнөк тасма бел, / Тал-талдап тизип өрдүргөн, / Желкесинд…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Мага кесел тийди деп, / Эрке катын чачыкей, / Аңкоосуп айтты озунуп, / Төшөк сал деп жаткырып, / Эр Семетей баатырың, / Сары улакты алдырып, / Садагасын кактырып, / Өпкөсүн алып чаптырып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Туугандыгым билдирип, / Озунуп айттың саламды, / Олжо алам деп келбедим, / Каңгайды жеңди дегенде, / Сүйүнгөндөн келгемин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Буга Беккул жөнөп бергиче болбой озунуп, Эшпай:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
жебесеңиз өзүм үйгө алып кетейин, – деп түлкү баягы май куйрукка тап бергенде, карышкыр түлкүдөн мурда озунуп сугунмак болду эле, тумшугу капканга чабылып калды.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →